Жеңиш Күнү ― совет элинин майрамы. Бул күн ― совет элинин 4 жылга созулган эң оор, эң кайгылуу Улуу Ата Мекендик согуштагы нацисттик Германиянын үстүнөн жеңишке жетишкен күн. 1948 жылдан баштап 9-май жумушчу күн деп жарыяланган. 1965 — ж. Жеңиштин 20 жылдыгында 9-май Жеңиш күнүн кайрадан жумушчу эмес күн деп жарыяланып, майрам толук атрибуттары менен майрамдала баштаган. Аскердик парад, согуш ардагерлеринин салатанаттуу жүрүшү, Жеңиш салюту СССРдин бардык баатыр шаарларында жана улуттук республикалардын борборлорунда өткөрүлгөн.
Жеңиш күнүн белгилөө үчүн Ысык-Көл айыл аймагы атайын уюштурулган майрамдык парад өткөрүлдү.
Комментарии