Өлкөбүздө жер жарылып чөп чыгып, айлана көрккө бөлөнө баштаган мезгилде Нооруз майрамы белгиленет. Бул күнү чоң энелер алас айтып, сүмөлөк даярдоого камданышат. Нооруз майрамына карата дагы кандай жөрөлгөлөр бар, төмөнкү макалага көз чаптырыңыз.
Күн менен түн теңелген күн
Нооруз майрамынын тарыхы биздин заманга чейинки 7-6-кылымдарга барып такалат. Чыгыш жылнаамасы боюнча 20-21-22-март Нооруз катары белгиленген. Нооруз майрамы ошол доордо жашаган Зороастризм дининин негиздөөчүсү Заратуштранын диндик көз карашына байланыштуу болгону айтылат. Нооруз сөзү фарс тилинин “ноу” — жаңы, “рузи” — күн (жыл) деген сөздөрүнөн келип, “жаңы күн” деген маанини билдирет. Жаздын келишин, жаратылыштын жанданышын символу болгон бул майрамдын мекени Иран. Байыртадан эле Нооруз майрамынын алдында элдер түшүм мол болуусун тилек кылып, карапаларга арпа, буудай өндүрүп, түрдүү ырым-жырымдарды жасашкан. Кийин бул майрам Борбор Азиядагы элдерге да жайылган. Күн менен түндүн теңелген мезгили катары 21нен 22-мартка караган түндү эсептеп, «жаңы күн, жаңы жыл келди» деп, жакшылыкка үмүт кылып шаңдуу майрамдык каада-салттарды өткөрүшкөн. Ал эми кыргыздарда Нооруз байыртадан баркталып келаткан майрам катары белгиленип келет.
Комментарии